www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте чөнтөк уурулук боюнча жасалган 40тан ашык иштин бети ачылып, кылмыштуу беш топ таратылып, жок кылынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Шаардык милиция январдан февралга чейин борбор калаада "Чөнтөк уурулукка жол жок!" аталышындагы рейд өткөргөн.

"Ага 400дөн ашык милиционер катышып, бир айда чөнтөк уурулук боюнча 40тан ашык кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалган. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандар да бар. Мындан тышкары, чөнтөк уурулук боюнча "адистешкен" кылмыштуу беш топ таратылып, жок кылынды. Шектүүлөрдөн ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор, сумка жана накталай акча табылып, алынган", — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ чөнтөкчүлөрдүн тузагына илингендер болсо, 0(554) 11-03-14, 0(706) 102-102, 0(707) 75-75-51, 0(703) 35-15-65 же 102 кыска номерине чалып, кайрылууну өтүндү

Булак: NazarNews.kg.

Последние новости