www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыштуу топтун чыр-чатагынан улам адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, 2014-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарында мурда ички иштер органдарынын каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (Джин каймана аты менен таанымал) катары турган, 1981-жылы туулган А.А. аттуу жаран өлтүрүлгөн.

Бул факт боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде (адам өлтүрүү, эски редакция) кылмыш иши козголгон.

Эксперттердин корутундусуна ылайык, алынган 9 мм калибрдеги ок жана гильзалар, болжол менен спорттук-машыгуу тапанчадан атылган.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, бул адам өлтүрүү таасир жана көзөмөл үчүн күрөшкө байланышкан кылмыштуу топтордун ортосундагы каршылыктын натыйжасында болгон. Чыр-чатактын алкагында уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү атаандаш тараптын өкүлүн жок кылууну өзүнө милдет катары алган.

Милиция кызматкерлери тарабынан киши өлтүрүүгө шектелип 1983-жылы туулган Дж.Б. аттуу жаран кармалган. Анын автоунаасын текшерүү учурунда баңгизат болушу мүмкүн деп эсептеленген төрт түрмөк табылып, алынган. Мындан тышкары, шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кара куурайга окшош заттар табылган.

Учурда алынган заттар боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

Последние новости