www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Эрматов Ырыскелди жана Ибрайимова Роза аттуу бир тууган өспүрүмдөр дайынсыз жоголуп, эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр 20-июнь күнү саат 16:30 чамасында Лазурный көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес.
Өспүрүмдөрдүн белгилери:
Эрматов Ырыскелди – 2015-жылы туулган. Бою 135–140 см, чачы жана көзү кара түстө. Жашыл футболка, кара шорты жана кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Ибрайимова Роза – 2013-жылы туулган. Бою 130–135 см, чачы күрөң, көзү кара. Кызгылт түстөгү спорттук костюм жана кара бут кийим кийип жүргөн.
Ленин райондук милициясы жарандардан өспүрүмдөр тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлоону суранат: (0312) 35-26-32 же 0702 011 317.