www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эпидабал курч бойдон калууда

Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 158 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 147 учур, клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган – 11 учур.

«Ленин районунда – 54, Свердлов районунда – 29, Биринчи май районунда– 28, Октябрь районунда – 23 учур катталды», – деди ал.

«Мындан тышкары бир суткада мобилдик топтор тарабынан 142 адам текшерилген. Алардын 35сы стационарларга жаткырылып, 122 адам амбулатордук түрдө дарыланууну улантат», – деп билдирди Рыскулбекова.

Дарыгер шаардыктарга иммундук системаны чыңдоо жана сергек жашоо образын кармануу өтүнүчү менен кайрылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости