www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолуп бүтүп, транспорт кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу 21-сентябрда борбор калаанын мэриясы билдирди.
Аталган тилкеге асфальттын эки катмары төшөлүп, бордюрлар алмаштырылды. Мындан тышкары, жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери сызылды.
Кийинки этапта Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопинден Аска-Таш конушуна чейинки бөлүгү оңдолот. Ошондой эле Дэн Сяопин көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки тилке убактылуу жабылып, транспорт кыймылына батыш тараптан чектөө киргизилет. Чыгыш тарабында эки тилке уюштурулат.
Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.