www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Райондук аралык сотунун чечиминин негизинде, Фучик сейил багындагы жалпы аянты 1013 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлгөн жана менчик укугу тууралуу мамлекеттик акт берилген.

Бирок, Бишкек шаардык прокуратурасынын буйругунун негизинде Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Райондор аралык соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Соттук териштирүү учурунда райондук соттун чечими жокко чыгарылды. Соттун чечими Министрлер кабинетинин алдындагы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинде каттоодон өткөрүлүп, жаран С.Бнын менчик укугу токтотулду. Учурда бул жер тилкеси кайрадан Бишкек шаарынын мэриясына таандык деп эсептелинет.

Буга чейин Фучик көч., 16 дарегинде ачык асман алдындагы кинотеатр жайгашкан. Башкармалыктын адистери кызыкдар тараптарга бул объектке карата кабыл алынган чечим жана андан аркы аракеттер жөнүндө алдын ала кабарлашкан.

Последние новости