www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 30-майдагы онлайн жыйында бир эле адам вирусту 24 адамга жуктуруп койгонун айтып берди.

"Өлкөдө эпидемиологиялык абал чыңалууда турат. Бүгүнкү катталган 60 адамдын 52си байланыш аркылуу вирусту жугузуп алгандар болду. Кээ бир жарандарыбыз вируска кайдыгер мамиле кылгандан улам көбөйүп жатат. Мисалы, жакында гана катталган ошондой окуяны айтып берейин.

Бир цехте иштеген жаран коронавирус жуктуруп алып, бирок жумушка чыга берген. Ал вирустун жеңил түрүү менен ооруп жүргөн. Кыска мөөнөттө ал 60 адам менен байланышта болуп, баарынан анализ алынганда 24 жаран коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бир эле киши ушунча адамга илдетти жуктуруп алды. Ал эми 24 адамдын ичинен бирөө дагы лабораторилык анализинин жыйынтыгы чыккыча үйүнө барып, ал дагы үй-бүлө мүчөлөрүнө жугузуп койгон", - деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости