www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күйүп кеткен «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбордун курулушу уланууда.

Борбор калаанын мэриясынан билдиришкендей, Капиталдык курулуш башкармалыгы 92 орундуу унаа токтотуучу жайы бар үч кабаттуу имаратты куруп жатат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 га, ал эми имараттын өзүнүн аянты 7 миң 490 чарчы метрди түзөт.

Долбоорго ылайык, маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн көп функционалдуу мейкиндиктер жайгашат.

Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын орнотуу толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын мамыларын орнотуу, кабаттар аралык тосмону бетондоо иштерине даярдык көрүү жана объекттин аймагындагы топуракты кайра толтуруу иштери жүрүүдө.

Башкы подрядчы катары «Гипер Строй» ЖЧКсы иштеп жатат.

Последние новости