www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери ири суммадагы акча тоногон шектүүлөрдү кармады.

Милиция кызматкерлерине кайрылган И.А. (аял киши) 22-февралда караңгыда белгисиз адамдар Рыскулов көчөсүндөгү кеңсенин бухгалтер жайгашкан бөлмөсүнө киришкен. Ал жерден 30 миң сомдук темир сейф уурдалган. Сейфтин ичинде 33 миң 200 доллар жана юридикалык документтер бар болчу.

Бул факт боюнча Биринчи май РИИБ тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205- бернеси (уурулук) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам топ тарабынан шектүүлөр табылды.

Алар:

-1994-жылы туулган О.Э.;

- 1998-жылы туулган Т.Ж.;

- 2001-жылы туулган Б.Н.

Биринчи Май райондук соту шектүүлөрдү үй камагына чыгарган.

«Шектүүлөрдүн биринен 31 миң 700 доллар өлчөмүндөгү акча табылды. Ошондой эле шектүүлөр далил буюмдарды жок кылуу максатында сейфти Канттын аймагынан Чоң Чүй каналына ыргытып жиберишкен», - деп билдирди ШИИБ.

Тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости