www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте кара куурай өстүргөн лаборатория аныкталды

Бишкек ШИИБдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери марихуана өстүрүүчү баңги лабораториясын аныкташты. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан гараждык кооперативдердин биринин аймагында белгисиз жарандар интернет-дүкөн аркылуу сатуу үчүн кара куурай өстүрүүчү лаборатория уюштурушкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренеси (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган З.Р. жана 1993-жылы туулган Т.У. аттуу жарандар кармалды.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын издөөчү итинин жардамы менен гараждын жер төлөсүнөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар өсүмдүк тектүү бадалдары бар идиштер табылган.

Таңгактарды кошкондо жалпы салмагы 15 килограммды түзгөн. Колдонууга даяр баңгизаттын баасы 2 миллион сомдон ашык.Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги өсүмдүктөрүн өстүрүүчү атайын жабдыктар — ультрафиолет лампа, 7 даана белгисиз заттар салынган бөтөлкөлөр табылган.

Кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн биринин туруктуу жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ал милицияга өз ыктыяры менен жалпы салмагы 37 граммды түзгөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар жашыл түстөгү затты берген.

Шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланууда, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости