www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын ИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январда болжол менен түңкү саат 04:18де Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ИИБна Э. М. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анда, «Калыс-Ордо» конушунун аймагында белгисиз адамдар тарабынан ага кол салуу жасалганын билдирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкү жагдайлар аныкталган: белгисиз адамдар арыз ээсине таандык «Honda Fit» үлгүсүндөгү автоунаанын айнегин сындырып, ага карата күч колдонушкан жана сан аймагына бычак менен жаракат келтиришкен. Андан соң аталган транспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз багытта из жашырышкан. Ошондой эле автоунааны бузуп, анын ичинде болгон Xiaomi Poco X4 Pro 5G үлгүсүндөгү уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кетишкен. Телефондун баасы 23 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, жабырлануучунун жанында болгон анын таанышы — А. Р. аттуу жаранды белгисиз адамдар тарабынан күч колдонуу менен ак түстөгү «Hyundai Sonata» автоунаасына отургузуп, белгисиз багытка алып кетишкен. Ал жерде анын уюлдук телефонун тартып алынгандан кийин, кылмышкерлер изин жашырышкан.

Бул факт боюнча райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын ИИББнын жана райондук ИИБдын ыкчам кызматкерлери аталган кылмышка шектелген адамдарды кармашкан. Алар: Э. Т. (2007-ж.т.), У. Д. (2006-ж.т.), М. А. (2007-ж.т.), А. Т. (2009-ж.т.), М. Т. (2009-ж.т.), Ж. Р. (2009-ж.т.) жана А. Р. (2007-ж.т.) болуп чыккан.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүүлөр Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө жана процессуалдык иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кармалгандардын аракеттерине мыйзамда белгиленген тартипте кошумча юридикалык баа берилет.

Тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Последние новости