www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте,”Газпром балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде кармаш уруш боюнча дүйнө чемпионаты жана биринчилиги өтүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 18-майда өтүп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев, эл аралык спорт өкүлдөрү, спортсмендер жана күйөрмандар катышты.
Урмат Асанбаев өз сөзүндө бүгүнкү мелдеш спортсмендер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышына өбөлгө тузөөрүнө ишеним билдирип, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Мелдеште катышуучулар “бой” жана “демобой” дисциплиналарында күч сынашып,  дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген спортсмендер катышып жатышат.
“Бой” дисциплинасы боюнча эркектер: -57 кг, -62 кг, -67 кг, -73 кг, -80 кг, -88 кг, -97 кг, 97+ кг салмак категорияларында беттешет
Кыз келиндер: -48 кг, -53 кг, -58 кг, -64 кг, -70 кг, 70+ кг салмак категорияларында күч сынашат.

“Демобой” дисциплинасы боюнча эркектер: -62 кг, -73 кг, -88 кг, 88+ кг салмак категориясында күч сынашат.
Кыз келиндер: -58 кг жана 58+ кг салмак категориясында беттешет.

 

Последние новости