www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте коомдук транспортто чөнтөкчүлөр кармалып, алар өспүрүмдү жарадар кылышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-августта саат 08:20 чамасында кичи автобуста бара жаткан өспүрүмдүн капчыгын уурдоого аракет кылышкан. Бирок кылмышкерлер кармалып, жашы жете элек баланы учтуу нерсе менен жарадар кылып, качып кетишкен. Жабырлануучунун апасы дароо милицияга кайрылып, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Каракчылык) менен катталган.
Бишкек ШИИБинин жана Свердлов РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2006-жылы туулган М.Д., жана 2005-жылы туулган О.И. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.
Белгилей кетсек, буга чейин кичи автобуста чөнтөкчүлөр кармалып, алардын бири жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салган.
Булак: NazarNews.kg