www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-май Бишкек шаарында “Салттуу кол өнөрчүлүктү заманбап трансформациялоо” аттуу эл аралык тренингдин ачылышы болду.

Төрт күндүк окуу программасынын алкагында катышуучулар Корея Республикасынан келген эксперттерден салттуу өнөрдү заманбап өнүктүрүү, санариптик маркетинг жана e-commerce боюнча билим алышат.

Тренингде улуттук салттарды сактоо менен аларды заманбап дүйнөгө ылайык интерпретациялоо тажрыйбасы, санариптик маркетинг инструменттери жана эл аралык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.

Иш-чаранын максаты — кол өнөрчүлөрдүн чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана ата мекендик кол өнөрчүлүк продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Окутуунун жыйынтыгында 50 катышуучу ментор болуп, алган билимдерин аймактардагы кол өнөрчүлөргө жайылтышат.

Тренинг “Кыргыз Республикасында салттуу кол өнөрчүлүк буюмдарын өндүрүү жана алардын санариптик маркетинг дараметин жогорулатуу аркылуу маданий туризмди өнүктүрүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Корея Республикасынын ЮНЕСКОнун (ICHCAP) колдоосу алдындагы Азия-Тынч океан аймагындагы материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык маалыматтык-тармактык борборунун кызматташтыгында ишке ашырылууда.

Последние новости