www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-18-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү "СеулАсан" кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында "СеулАсан" ооруканасынын (Түштүк Корея) дарыгерлери жарандарды кабыл алып, акысыз консультация беришүүдө.
"Каалоочулар ЛОР дарыгери, педиатр, кардиолог, окулист, гастроэнтеролог, терапевт, кардиолог, аллерголог, стоматолог жана башка адистерден кеңеш ала алышат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кабыл алуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасынын имаратында жүргүзүлүп, кыргызстандык дарыгерлер кореядан келген адистер менен тажрыйба алмашуу максатында бирге иш алып барышууда.
Булак: NazarNews.kg