www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилеби?

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордо кандайдыр чектөөлөр киргизилеби деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардык муниципалитет чектөөлөрдү киргизүү маселеси менен эмес, санитардык нормаларды күчөтүү боюнча иш алып барууда.

«Рейд жүрүп, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынышы текшерүүгө алынууда. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда дагы текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Айрым үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү пландап жаткан жарандарды майрамды эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин артка жылдырууга чакырабыз», — деди Мозгачева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости