www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Бакай Турдугулов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Марат Акназаров Бишкек шаарынын Көк-Жар айылындагы Сейтек көчөсү 3 дарегинде жайгашкан 9 кабаттуу турак үйгө пайдаланууга берүү актысын тапшырышты.
Бул объект “Аю Курулуш” ЖЧКсы тарабынан курулуп, көп убакыттан бери пайдаланууга берүү (акт ввода эксплуатация) маселеси чечилбей келген. Маселенин негизги себеби катары долбоордон тышкары мыйзамсыз кошулган 10-кабат болгон.
Иш-чаранын алкагында Бакай Турдугулов тургундар менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2025-жылдан бери Курулуш министрлиги турак жай тармагындагы көйгөйлүү объекттерди этап-этабы менен жөнгө салуу иштерин жүргүзүп жатканын белгиледи.
Турак үй расмий кабыл алынбагандыктан, анын жашоочулары батирлерин өз атына каттай албай, тиешелүү укуктук документтерди алууда бир топ тоскоолдуктарга кабылып келген. Ошондой эле, коммуналдык кызматтар үчүн узак убакыт бою жогорулатылган (өнөр жай) тарифтер менен төлөп келген.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында буга чейинки көйгөйлөр чечилип, турак үй расмий түрдө пайдаланууга берилди. Натыйжада тургундарга өз мүлкүн мыйзамдаштырууга, документтерин толук тариздөөгө жана коммуналдык кызматтарды кадимки тариф менен пайдаланууга шарт түзүлдү.