www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курбулар 2011-жылы туулган Гапарова Айгүл Ташболотовна жана 2010-жылы төрөлгөн Мамбеталиева Элдана Марат кызы изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-февралда Бишкектин тургуну милицияга кызын табууга жардам сурап кайрылган. Аялдын айтымында, Айгүл 22-февралда кечки саат болжол менен 19:00дө Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Белгилери: бою 150-155 см, чачы узун.
Белгилүү болгондой, 15-февралда анын курбусу Элдана Мамбеталиева да дайынсыз жоголгон.
23-февралда өспүрүмдүн апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, кызы 15-февралда Ак-Бата конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Элдана Марат кызынын бою 160-165 см, чачы узун.
Милиция сүрөттөгү өспүрүм кыздар тууралуу маалыматы бар жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0 (703) 43-77-83 жана «102» кызматы.