www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариустардын адистери жана Бишкектеги курулуш компаниянын башкы директору аралашкан туруктуу кылмыштуу топтун бети ачылды.

УКМК билдиргендей, бул кылмыштуу топ Бишкекте кыймылсыз мүлкү бар жарандарды таап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин кылмышты жаап-жашыруу үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкен.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, курулуш компаниянын башкы директору А.М. кармалды жана УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттерин аныктоо иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости