www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин проспектиси, 391 дарегинде курулуп жаткан үч кабаттуу мейманканада курулуш мыйзамдарынын талаптары бузулганы аныкталып, объекттеги иштер убактылуу токтотулду.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш ченемдери, техникалык регламенттер жана башка милдеттүү талаптар толук сакталбаганы белгилүү болгон.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан «ПГС Элит» ЖЧКсына аныкталган мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу тууралуу көрсөтмө берилип, тиешелүү протокол түзүлдү. Ошондой эле компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Министрликтен билдиришкендей, аныкталган кемчиликтер толук жоюлуп, курулуш мыйзамдарынын бардык талаптары аткарылганга чейин объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулат.

Последние новости