www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын тургуну зордуктоого кабылды. Бул тууралуу анын курбусу социалдык тармакка жазды.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери акча үчүн ишти жаап салууга аракет кылышууда, анткени кылмышка шектүүнү эркиндикке коё беришкен. Буга байланыштуу кыз коомчулуктан аталган окуяга көңүл бурууну өтүнөт.

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, О.С. 20-октябрда арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү эртең менен Бах-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн аны таанышы зордуктап салган.

Бул факты ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында арыз ээсине карата экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле күбө катары кыз тарабынан кылмышка айыпталган 2003-жылы туулган А.Ш. суракка алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости