www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, кээ бир аймактарда, анын ичинде Бишкек шаарында электр энегрясы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкек суу” ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул буйрук шаарда жарыкка байланышкан абал турукташканга чейин күчүндө болору айтылды.
Башкалаадагы үйлөрдө лифтте калып калган 45 киши куткарылды.
Кыргызстандын бир топ аймактарында 25-январда түшкү саат 12ден өткөндө электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.
Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы өчкөнүн жазышууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бул күнү 400дөн ашуун телефон чалуу болгонун, бирок электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына бйаланыштуу кырсыктап, куткаруучулардын жардамына муктаж болуп кайрылгандар жок экенин билдирди.
Казакстан менен Өзбекстандын маалымат каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин жазып чыгышты.
Булак: NazarNews.kg