www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук транспорттогу чөнтөк уурулук фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарындагы Ленин РИИБдин кызматкерлерине 15-март күнү жабырлануучу кыз кайрылып, маршруттук унаада чөнтөгүнөн баасы 90 миң сом болгон «iPhone 13» үлгүсүндөгү телефонун жоготконун айткан.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен иш козголуп, милиционерлер 1993-жылы туулган Р.А. аттуу шектүүнү колго түшүрүшкөн.

Териштирүүдө анын мурда ушуга окшогон иш менен соттолгону аныкталган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын дагы башка иштерге тиешеси бар экендиги текшерилип жатат.

Милиция сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандарды 0(554)-11-03-14, 0(700)-61-11-19 же 102 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости