www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар эки эле күнгө жабылат

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева борбор калаада шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин эле жабыларын билдирди.

Мектеп окуучулары да 12-13-апрель күндөрү гана аралыктан окуй турганын айтты.

Шайлоо жана референдум өткөндөн кийин эки күн билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Андан кийин буга чейин мектепте сабак мурдагы тартипте уланат.

6-апрелде Бишкекте эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында мектеп окуучуларын аралыктан окууга өткөрүү жана бала бакчаларды жабуу чечими кабыл алынган. Мэрия буга борбордо коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал начарлап кеткени негиз болгонун билдирген.

Бишкек мэриясы эми мектеп, бала бакчалар убактылуу эле жабыларын кабарлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости