www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Менделеев көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Путепроводная көчөсүнө чейинки жаңыланган бөлүгү пайдаланууга берилди.
22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте узундугу 590 метр болгон тилкедеги оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышты.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери апрель айында башталып, бир жарым айдын ичинде жүргүзүлгөн.
Долбоор шаардык бюджеттин каражатынын эсебинен ишке ашырылып, подрядчы болуп «Дорстрой» ЖЧКсы аныкталган.
Жаңылоо иштеринин алкагында жолдун асфальт-бетон төшөлмөсү жаңыланып, суу түтүктөрү алмаштырылды. Ошондой эле эки тротуар жана көчөнүн эки тарабына ирригациялык тармак курулду.
Буга чейин аталган тилкеде жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар болгон эмес.
Мындан тышкары, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп, жол кыймылын жана унаа токтотууну иретке келтирүүгө шарт түзүлдү.
Жергиликтүү тургундар жүргүзүлгөн иштерге ыраазычылык билдирип, көчөнүн абалы жакшырганын белгилешти.