www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор калаанын Горький көчөсү, 117 дарегинде жайгашкан «Мира» кафеси санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 28 миң сом айып пул төлөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.
Аталган тамактануучу жайда санитардык-техникалык абал канааттандырарлык эмес экендиги, ошондой эле, тамак-аш даярдоо технологиясы жана жеке гигиена эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Укук бузуулар кодексинин 214-беренесинин негизинде эки протокол түзүлүп, айып пул салынды.
Кафенин иши 22-июндан тартып кемчиликтер жоюлганга чейин токтотулду. Муну менен бирге, таракандарга каршы дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн келишим түзүлдү.