www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер органдары социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Threads платформасындагы «Slivy_telegramm» аккаунту аркылуу мыйзамсыз аракеттерге чакырыктар тараганын аныктады.

Маалыматка ылайык, аталган баракчада 2026-жылдын 23-июлунда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга чакырыктар жарыяланган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аккаунттун ээси аныкталып, ал 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон.

Тергөө иштеринин алкагында шектүүнүн iPhone 14 Pro үлгүсүндөгү телефону, башка үч уюлдук аппараты жана ноутбугу алынган. Алар кылмыш иши боюнча буюм далил катары катталган.

О.А. Жазык-процесстик кодекстин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Последние новости