www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз футбол биримдиги «Мүрөк» спорттук медицина жана реабилитация борборун куруу долбоорун ишке ашырууга киришти. Бул борбор Кыргызстандагы профессионалдык спортчуларга жана улуттук курама командаларга багытталган алгачкы адистештирилген комплекс болуп саналат. Борбор Бишкек шаарынын Ленин районунда курулат.
Долбоордун башкы максаты — эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап спорттук медицина жана реабилитация борборун түзүү. Бул жерде Кыргызстандык жана чет элдик спортчулар толук медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланып жана калыбына келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Долбоор спортчулардын саламаттыгын сактоого, алардын спорттук карьерасын узартууга жана кыргыз спортуна атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Борбор, өлкө ичиндеги бардык деңгээлдеги спортчуларга сапаттуу медициналык жана реабилитациялык кызматтарды сунуш кылат. Анын ишке кириши менен спорттук уюмдардын чет өлкөдөгү дарылануу жана калыбына келүү чыгымдары кыйла кыскарып, спорттук даярдыктын натыйжалуулугу илимий негизделген диагностика, алдын алуу жана реабилитация ыкмаларын колдонуу аркылуу жогорулайт. Ошондой эле, долбоор спорттук медицинанын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана бул тармактагы илимий-билим берүү программаларын ишке киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоордун алкагында, заманбап жабдуулар менен камсыздалган медициналык-реабилитациялык комплекс курулат. Борбордо лабораториялар, машыгуу залы, бассейн, физиотерапиялык жана диагностикалык бөлмөлөр болот. Өзгөчө, профессионалдык жана жаштар командалары үчүн туруктуу медициналык коштоону уюштурууга, ошондой эле жаракат алуу коркунучун алдын алуу жана функционалдык калыбына келтирүү программаларын киргизүүгө көңүл бурулат.
«Мүрөк» борбору Кыргызстандагы биринчи адистештирилген спорттук реабилитация борбору болуп, ал ФИФА жана Эл аралык спорттук медицина федерациясынын талаптарына жооп берет. Бул жерде спортчулар толук циклди – диагностика, дарылоо, реабилитация жана спортко кайтуу процессин өтө алышат. Ошондой эле КФБ борборду улуттук курамалардын бардык курактык топтору үчүн туруктуу медициналык база катары пайдаланууну пландаштырууда.
Борбордун курулушунун аякташы 2026-жылга пландалган.