www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте опузалап акча талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаран Б.Ч. арыз менен кайрылган. Арызында 2025-жылдын 18-декабрында болжол менен саат 21:30 чамасында азият улутундагы белгисиз жарандар анын 2008-жылы туулган баласын Бишкек шаарынын Широкая көчөсүнөн белгисиз тарапка алып барып, коркутуп-үркүтүү жолу менен «баңгизаттарды таратып жүрөсүң» деген негизде видеого тартып, шантаж кылышканы жана андан 400 000 сом акча талап кылышканы көрсөтүлгөн.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 400 000 сом акча каражатын алып жаткан жеринен 2007-жылы туулган М.А., 2007-жылы туулган К.А., 2008-жылы туулган Т.К., 2008-жылы туулган Ф.А. жана 2008-жылы туулган К.А. аттуу жарандар кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.
Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары улантылууда.