www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Агартуу министрлиги аймактарга барып мугалим болууну каалагандарды атайын программага катышууга чакырат.
"Teach for Kyrgyzstan – заманбап мугалим" программасына педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алат.
"Алар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштешет. Ошондой эле акысыз магистрдик программада билим алышат. Ийгиликтүү аяктагандар мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык магистр дипломун алышат" – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт.
Өтүнмөлөрдү www.teachforkyrgyzstan.org дарегине 25-майга чейин жөнөтүүгө болот.