www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги жана каттам бригадирлери катышкан жыйын өттү.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, жыйында муниципалдык коомдук транспорттун ишинин сапатын жогорулатуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун камсыз кылуу, тейлөө маданиятын жакшыртуу жана айдоочулардын эмгек шарттарын өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, айдоочулар тарабынан жол эрежелерин так сактоо, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди. Ошондой эле муниципалдык транспорттун техникалык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, айдоочулардын жүргүнчүлөр менен болгон мамиле маданияты жана тейлөө сапаты, ошондой эле эмгек акынын эсептелиши жана кызматкерлерди материалдык жактан колдоо маселелери каралды.
Жыйындын соңунда каттам бригадирлерине айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, эмгек тартибин, жол кыймылынын коопсуздук талаптарын жана жүргүнчүлөрдү тейлөө стандарттарын көзөмөлдөө тапшырылды.