www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мыйзамсыз иштеген медресе жабылды

Бишкек шаарында мыйзамсыз иш жүргүзгөн медресе аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Тоголок-Молдо көчөсүнүн 284 дарегиндеги мечиттин имаратында диний мекеме (медресе) мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 

Буга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Биринчи май райондук администрациясынын жана мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия аталган мекеменин ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүгө алышты.

Тактап айтканда, текшерүү маалында жогоруда аталган диний мекемеде 14 жаштан 18 жашка чейинки жашы жете элек балдар билим алып жатышкан. Ошондой эле, аталган диний мекеменин тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок болуп, Кыргыз Республикасынын дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле архитектуралык, курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган бир катар фактылар аныкталган;

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий маалыматтарына ылайык аталган диний мекеме Реестрде катталбагандыгын жана тиешелүү түрдө мыйзамсыз иштеп жаткандыгын белгилей кетүү керек.

Учурда аталган медресенин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Мыйзамсыз диний иш-аракеттерди уюштургандарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Последние новости