www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаадагы эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин төрагалыгы алдында Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге мыйзамсыз имаратын куруп алган жаран Б.А.га карата доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими канааттандырылды.

Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган.

Түрттүрүү иштери улантылууда.

Последние новости