www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз курулуштарды аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек шаарындагы конуштардын тургундарынын кайрылууларынын негизинде агенттиктин директорунун орун басары Бакай Турдугулов, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору Суеркулов Эрназбек, Мамлекеттик экспертиза департаментинин директору Маратбек Акназаров жана Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте көчмө комиссия түзүлүп, күн мурун жаңы салынып жаткан курулуш объекттердин мыйзамдуулугу текшерилген.

Курулуш нормаларын сактабагандарга билдирмелер берилип, мыйзам талаптарын аткарбаса КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, айып пул салына тургандыгы эскертилди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө комиссиялык топтун толук чечимдери чыкканча, төмөнкү объекттин курулуш иштери убактылуу токтотулду:

1. Киргизия-1 конушунун Улан көчөсү, 3, 3а дарегинде 7 кабатту турак үйү курулушка тиешелүү талаптарды аткарган эмес. (Башкы подрядчик "Централ Азия Инвест Строй")

2. Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсү, 150 дарегиндеги мыйзамсыз салынган жабык футболдук аянтчасына айып пул салынып, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин эскертүүсүнүн негизинде футболдук аянтчасынын жетекилиги өз каалоосу менен курулуш объекттисин бузуу иштерин баштады.

 

Последние новости