www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте курулуш компанияларынын бирине 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Курулуш объектилерин текшерүүдө Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталган.
Ошондой эле Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектиде дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада эки объектинин курулуш иштерин жүргүзгөн "Стальмонтаж плюс" ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 миң сом сом өлчөмүндө айып салынды.
Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүу берилип, компаниянын лицензиясы курулуш объектиси долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.