www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте ок атуу менен коштолгон мушташтан кийин милицияга 9 адам жеткирилди. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 13-майда болжол менен саат 18:26да милициянын «102» кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде муштап болуп жатканы жана тапанчадан ок атылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары милицияга 24 жаштагы Р.К., 25 жаштагы К.Б., 23 жаштагы Б.Э., 27 жаштагы Ш.Э., 25 жаштагы Т.А., 23 жаштагы Н.А., 2007-жылы туулган П.Б., 35 жаштагы Ж.Т.  жана 25 жаштагы Ж.Ж. аттуу жарандар, жалпы 9 адам жеткирилген.

Аталган окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициядан билдиришкендей, мушташ учурунда асманга ок атылган травматикалык тапанча шектүүлөрдөн алынып, далил зат катары таанылган. Ал боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда иликтөө иштери уланып жатканы жана анын жыйынтыгы менен окуяга юридикалык баа берилери кабарланды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости