www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аймактарда башталгыч класста билим алган окуучунун тамагына 14 сомдон бөлүнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдиргенин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Министрликтин маалыматы боюнча, аймактарда окуган 1-4-класстын балдарынын тамак-ашына акча республикалык бюджеттен бөлүнөт. Ар бир балага 14 сомдон каралган.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында билим алган башталгыч класстын окуучуларынын тамагына акча жергиликтүү бюджеттен берилет. Борбор калаада бир окуучунун тамагына 22 сом, Ошто 15 сом бөлүнөт.