www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кайрымдуулук кутучаларынан акча урдаганга каршы “Үмүттү уурдаба” деген акция жүрүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири жана Help the children кайрымдуулук фондунун директору Елена Конева билдирди. 

Фонд Кызыл жарым ай коому менен биргеликте флешмоб киргизди. 
Коневанын айтымында, акыркы айларда кайрымдуулук кутучалардан миң доллардан ашык акча уурдалган. 

“Бул акчалар онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга арналган. Биз милицияга арыз жаздык. Уурулардын бири кармалды. Экинчи кылмышкер кармала элек. Ар бир кошулган акча ооруган балдарга үмүт берет. Бул кутучаларды уурдоо менен уурулар балдардын жашоого болгон мүмкүнчүлүгүн уурдап жатышат”, -деп фонддун башчысы айтты.

Флешмобдун алкагында уюштуруучулар каалоочуларды “Үмүттү уурдаба” деген жазуусу  бар сүрөттү социалдык тармактарга киргизүүнү сунуштайт.

Последние новости