www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Шектүүлөр издөөдө жүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облустук милициясынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармашты.

"Шектүүлөр өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө алынып, Бишкек шаарында жашырынып жүрүшкөнү аныкталган. Алар: 32 жаштагы Ж.Т. жана 24 жаштагы А.М.. Учурда шектүүлөр кармалып, Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылы 20-июнда Токтогул районунда арыктан киши колдуу болуп өлгөн белгилери бар европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылып, аталган факты боюнча "Аадам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал 44 жаштагы Д.К. болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, июнь айында жаран Д.К. өзүнүн унаасында шектүүлөр Ж.Т. жана А.М. менен биргеликте Орусиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргызстанга келгенден кийин Орусиянын жараны Д.К.ны өлтүрүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышкан.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости