www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын атынан абройлуу "Оскар" сыйлыгына ат салыша турган тасма жарыялана турганын Маданият министрлиги кабарлады.

Иш-чара бүгүн, 23-августта, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө болот.

Кыргыз тасмалары "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча көрсөтүлөт.

"Кыргыздын таланттуу кинорежиссерлору жараткан тасмалардын кайсынысы маданиятыбызды дүйнөлүк аренада таанытууга мүмкүнчүлүк алары белгилүү болот", — деп жазылган маалыматта.

"Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында легендарлуу Лос-Анжелестеги Dolby театрында өтөт.

Последние новости