www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 65 жаштагы аялды кармашты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, пенсионер борбордун жашоочуларынын бирине Анар-Абак жаңы имаратында жайгашкан жер тилкесин сатууну убада кылган. Бирок 8 миң доллар алып, дайынсыз жоголгон.

«Октябрь райондук соту шектүүнү Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айга камакка алды», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адамдын бир катар кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн.

Шектүүдөн жабыркагандар 0502441112, 0709084244 же 102 телефон номурлары аркылуу милиция кызматкерлерине кайрылса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости