www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында 23-июнда Т. Усубалиев атындагы аянтта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын алкагындагы Португалия – Өзбекстан беттешин көрүү үчүн күйөрмандар аянтчасы уюштурулду.

Шаар тургундары жана коноктор үчүн чоң экран орнотулуп, оюн түз эфирде көрсөтүлдү. Иш-чарага футбол сүйүүчүлөрү көп санда чогулуп, командаларды колдоп, дүйнөлүк футбол майрамынын атмосферасын бирге сезишти.

Келгендер үчүн интерактивдүү оюндар жана белектүү сынактар да уюштурулуп, ар түрдүү курактагы күйөрмандар үчүн майрамдык маанай түзүлдү.

Беттеш учурунда аянтчада жандуу атмосфера өкүм сүрүп, күйөрмандар эки команданы тең кызуу колдоп турушту.

Чечүүчү учурлар көрүүчүлөрдүн катуу кол чабуулары менен коштолду.

Фан-зонанын уюштурулушу шаар тургундарына ири эл аралык спорттук иш-чаранын маанайын жакындан сезүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Последние новости