www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өрт чыккан көп кабаттуу үйдүн курулушу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Радищев-Карасаев көчөлөрүндө жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулуш объектисинде өрт чыккан. Жеринде текшерүү жүргүзүлүп, курулуш объектисинде опалубка конструкцияларынын өрттөнүп кеткендиги аныкталды. Өрт ширетүү иштери учурунда келип чыккан.
Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Олимп Дружба" ЖЧКсына коопсуздук талаптарын сактабагандыгы үчүн жазуу түрүндө эскертүү берилип, аныкталган бузууларды жоюу милдеттендирилди.
Мындан тышкары, окуя болгон жерде акт жана протокол түзүлүп, анын негизинде 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Курулуш иштери өрттүн кесепеттери толук жоюлуп, жогоруда аталган корутундулар чыкканга чейин убактылуу токтотулду.