www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты.

Тактап айтканда, «Чунцин Хого» ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү 405 литр спирттин өзгөчө жыты бар суюктук, 124 даана кант камтыган суусундуктар аныкталган.

Ошондой эле «Выбор Востока» соода түйүнүндө акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 248 даана алкоголдук продукция, 7 даана энергетикалык суусундуктар, 266 даана шире табылды.

Аныкталган фактылар боюнча рейддик салык контролунун тиешелүү актылары түзүлдү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы акциздик продукцияны акциздик маркасы жок жүгүртүү салык мыйзамдарын одоно бузуу болуп эсептелерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет.

Последние новости