www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Саманчин көчөсүнүн жаңы тилкеси ачылды

Бишкекте Саманчин көчөсүнүн Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки жаңы тилкеси ачылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
22-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте аталган тилкеде аткарылган иштер менен таанышты.

Буга чейин бул жерде унаа жолу болгон эмес. Жаңы жол тилкесинин ачылышы Жусуп Абдрахманов жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн байланыштырды.

Жолдун боюнда аянты 1 200 чарчы метр болгон тротуар курулуп, бир тарабына сугат системасы каралган. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлгөн.

Саманчин көчөсүнүн калган бөлүгүндө тротуарларды куруу жана ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү иштери уланууда.

Мэр Айбек Джунушалиев «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсына жакынкы убакта ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштерин уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары, буга чейин Саманчин көчөсүнүн боюндагы жашыл тилкеде жайгашкан 19 жеңил типтеги объект демонтаждалган.

Ал жерде узундугу 300 метрден ашкан сквер уюштуруу пландалууда.

Бишкекте жол жана жөө адамдар инфраструктурасын, ошондой эле коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүү иштери улантылууда.

Последние новости