www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Ахунбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисин байланыштырган үч негизги жол пайда болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Азыркы тапта шаардын түндүк менен түштүгүн 7-Апрель, Абдрахманов жана Чыңгыз Айтматов проспектилери бириктирет. Мэрия эми бул үч көчөгө альтернатива катары Фучик, Бакаев жана Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жолду кестирип Лев Толстой көчөсүнө чыгарууну пландоодо.

"Мисалы, Сүйүмбаев көчөсү Кара-Дарыя көчөсү менен реконструкцияланып, темир жолду кесип бириктирилет. Андан кийин Шүкүров көчөсүнө кошулуп, ал жерде Чыгыш Чоң Чүй каналынын үстүнөн көпүрө курулуп, Медеров көчөсүнө чейин чыгарылат. Жөө адамдар өтө турган жолду кошкондо жолдун узундугу 15 метрди түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мэрия Фучик көчөсү Лев Толстой көчөсүнөн Товарный көчөсүнө чейин темир жолду кесип салынарын, ал эми Бакаев көчөсү Бөкөнбаев көчөсүнөн (Ала-Арча каналынын батыш жээги) Лев Толстойго чейин узартыларын кошумчалаган.

Последние новости