www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында синтетикалык баңгизаттарды «кыстырма» жолу менен таратууга шектелген 2007-жылы туулган жаран кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандан кийин ал мурда даярдап койгон жашыруун жайлар текшерилип, ал жерлерден изолентага оролгон синтетикалык баңгизат салынган 29 түйүнчөк табылып, алынды.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду.
Тергөөдө аныкталгандай, шектүү жогорку окуу жайлардын биринин студенти болуп саналат.
Белгиленгендей, буга чейин аталган окуу жайда ИИМ кызматкерлери тарабынан баңгизат кылмыштарынын алдын алуу жана мыйзамдагы жоопкерчилик тууралуу профилактикалык лекциялар өткөрүлгөн.
Ошого карабастан, жаш жигит өз аракеттеринин мыйзамсыз экенин билип туруп, синтетикалык баңгизаттарды жашыруун жайларга катып таратуу менен алектенип жүргөнү аныкталган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.