Бишкекте сот кызматкерлери үчүн 81 батирлүү 9 кабат турак үйдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, турак үй «Юдахин көчөсү №64» дарегинде жайгашкан. Ал 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен салына баштаган. Бирок 2019-2022-жылдары акча бөлүнбөй, курулуш иши токтоп турган. 2023-жылдан баштап Мамлекеттик ипотекалык компаниясы курулуш иштерине каржылоо жүргүзгөн.
«Бүгүнкү күнү турак жайдын курулушу аяктады. Жакынкы күндөрү пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg