www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 7-майда ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жогорку окуу жайлардын биринин 2006-жылы туулган Б.Э.Э. аттуу студентин баңгизаттарды катып таркатканы үчүн кармады.

Маалым болгондой, тинтүү учурунда анын жанынан «спайс» синтетикалык баңгизатынын 5 таңгагы табылып, алынды. Кармалган жаран аны каткан жерлерин көрсөтүп берген, натыйжада кошумча «спайс» баңгизатынын 61 бирдиги алынды.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.

Алынган синтетикалык баңгизаттарга соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Последние новости