www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте топ жигиттердин мушташынан кийин шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Интернет желесинде 27-майга караган түнү тапанча көтөрүп мушташып жаткан жигиттердин видеосу тарап, Биринчи май райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козгоду.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулган А.М. жана 1997-жылы туулган К.И. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын биринен оюнчук тапанча алынды.

Учурда тергөө жүрүп, окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери уланууда.

 

Последние новости